Адептик баалуулуктарды калыптандырууда үй-бүлөнүн ролу
Ключевые слова:
үй-бүлө, ата-эне, бала, тарбия, баалуулук.Аннотация
Тарбия үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлөдөгү таалим-тарбия баланын келечегин аныктоо менен коомдун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө түз таасир этүүчү жараян. Тилекке каршы бүгүнкү күндө үй-бүлө тарыхый милдетин толук кандуу аткара албай калды. Үй-бүлөдө адептик баалуулуктар муундан-муунга өтүп келе жаткан ишенимдердин, принциптердин жана үрп-адаттардын жыйындысы болуп эсептелет. Балдарды турмушка даярдоо – үй-бүлө системасынын негизги максаты. Салттуу тарбия жараянында кыргыздарда макал-лакаптар элдин эмпирикалык тажрыйбасы катары кабылданып колдонулуп келет. Мындан улам кыргыздар балдарга «Адеп башаты тил» - деп баланын кичине кезинен эле нускалуу сөздөр менен тарбиялап, сезимдерине сиңирип келген. Салттуу кыргыз үй-бүлө системасында баланы тарбиялоо жар тандоо менен башталат. Мында «Жети атаны билүү» феномени өзгөчө ролду ойнойт. Болочок ата-эненин теги, тарыхы жана тарбиясы келечек муундун саламаттыгына, тарбиясына жана адебине таасир этет. Муну кыргыздар бала «Уядан эмнени көрсө ошону алат» - деп туюнтушкан. Адептик баалуулуктарды балага үйрөтүүдө атанын жана эненин өзүнчө орду жана ролу болгон. Ошондой эле адептик баалуулуктар эркек балрдарга жана кыздарга жаш өзгөчөлүгүнө карата да айырмаланып үйрөтүлгөн. Эркек балдарга «эр жигит» концепциясынын негизинде, ал эми кыздарга «кызга кырк үйдөн тыюу» деген түшүнүктө тарбия берилип келген.Бул макалада кыргыздын үй-бүлө салтында адептик баалуулуктарды калыптандыруу анализденет. Изилдөөдө теориялык ыкма колдонуу менен бүгүнкү ата-энелерге бала тарбиялоодо жол көрсөтүү максатталат.